Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

2023-жылы Бишкек шаарында 13 млрд сом салык чогултулду

22.02.2024 08:38
528
2023-жылы Бишкек шаарында 13 млрд сом салык чогултулду


Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн иш жүзүндөгү аткарылышы жыл башындагы акча каражаттарынын калдыгын эске алуу менен 23 миллиард 185 миллион 733 миң сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетто айтылат.

Жалпысынан 2023-жылы кирешелердин түшүүсү план боюнча 22 млрд 206 млн 42,4 миң сом болсо, түшүүлөр 21 млрд 876 млн 218,8 миң сомду түздү же план 98,5%га аткарылды, аткарылбай калганы 329 млн 823,6 миң сомду түздү.

Жергиликтүү кирешелердин көлөмүндө негизги орунду салыктык кирешелер ээлеп, иш жүзүндө 13 млрд 44 млн 421,4 миң сом түшсө, план 12 млрд 780 млн 75,5 миң сом болсо, план 102,1%га аткарылды. же 264 млн 345,9 миң сомго көп болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн