Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

500 миң сомдук жүктү Тажикстандан мыйзамсыз алып келе жаткан жаран кармалды

500 миң сомдук жүктү Тажикстандан мыйзамсыз алып келе жаткан жаран кармалды

Баткенде электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 7-март күнү Кыргызстанжын С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.


Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан.


Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.


Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн