Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектептерде окуй баштайт

01.10.2020 09:10
1216
6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектептерде окуй баштайт

2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилүү болгондой, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты.

Ага ылайык, билим берүү уюмдарында мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтуруп турушун уюштуруу шарт.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Ошондой эле билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн