Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

АКШ Европадан келген каттамдарды кабыл алууну токтотот

12.03.2020 15:12
929
АКШ Европадан келген каттамдарды кабыл алууну токтотот


АКШ бир айга Европадан келген бардык каттамдарды кабыл алууну токтотот.  Бул тууралуу 11-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. 


Бул тыюу эртең, 13 март күнү кечинде күчүнө кирет.  Себеп – коронавирустун Европада тездик менен жайылып жатышы.


«Биз Европадан АКШга келген бардык каттамдарды, анын ичинде жүк ташуучу учактарды 30 күнгө токтотобуз. Жаңы эрежелер жума күнү күчүнө кирет. Чектөөлөр абалга жараша өзгөрүшү мүмкүн», — деген Трамп.


Трамп коронавирусту «чет өлкөлүк вирус» деп атап, анын жайылышын чектөө боюнча чечкиндүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Европа өлкөлөрүн сынга алды.


Ошондой эле ал АКШнын экономикасын колдоо үчүн Конгресске америкалыктар үчүн салык жеңилдиктерин берүү тууралуу сунуш киргизерин билдирди. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өлкө боюнча бекер текшерүү жүргүзүүгө жана карантинден улам жумушка барбай калгандарга жөлөк пул берүүгө каражат бөлүү планын сунуштады.


АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1200дөн ашып, 37 адам каза болду. Дүйнөдө бул илдетти жуктуруп алгандар 126 миңге жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн