Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аалымдар кеңеши Муфтийдин бир жылдык ишине "жакшы" деген баа берди

19.12.2022 15:37
237
Аалымдар кеңеши Муфтийдин бир жылдык ишине "жакшы" деген баа берди



Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын алкагында өлкөдөгү диний абал талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчёту угулуп, Аалымдар Кеңеши Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнө «жакшы» деген баасын берди.


Мындан тышкары Муфтиятка бир катар сунуштар жана тапшырмалар берилип, анын үстүнөн иштөө боюнча Азирети Муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларга милдеттенмелер жүктөлдү.


Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Кенжетай ажы Курманходжаев, Фархат ажы Юсупов жана АКнын мүчөлөрү катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн