Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Абайлаңыздар! Күндүн температурасы дагы катуу ысыйт

14.07.2023 12:57
407
Абайлаңыздар! Күндүн температурасы дагы катуу ысыйт


2023-жылдын 17-19-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

Адистер мындай кургак ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаш керектигин эске салат. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл.

Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн