Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Абайлаңыздар! Жакынкы күндөрү катуу ысык болуп, температура 40ка чейин чыгат

06.06.2023 13:50
391
Абайлаңыздар! Жакынкы күндөрү катуу ысык болуп, температура 40ка чейин чыгат


7-9-июнда республикада күн катуу ысып, бир катар облустарда аптап +39 градуска жетерин Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.


"Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40 градуска, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин жетиши күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.


Агенттик мындай аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу туурасында эскертти.


"Организмде суюктуктун азайып кетишинен жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн түз тийген жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Андан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", — деп айтышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн