Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

22.03.2020 20:41
657
Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташтыктын учурдагы маселелери, республикалардагы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер талкууланды.


Тараптар эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн актуалдуу маселелер боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууну жүзөгө ашырууга макулдашты. Коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү адаттагы режимде үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн