Баш оона 05, 2025
Убакыт: 12:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

24.01.2022 15:09
1173
Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн 24-январда Башкы прокуратурага сурак берип чыкты.


Мадумаровдун айтымында, ал эртең дагы суралат.


"Бул акыркы сурак эмес. Эртең дагы келесиз деди. Эртең саат 15:00гө чакырды.

Кайра эле жанагы маселе. Бир эле суроону кайталап тажабады",- деди Мадумаров.


Мындан сырткары, Адахан Мадумаров кечээ кармалып, бошотулган журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду кармалышы тууралуу пикирин билдирди.


Эске салсак, Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу 2009-жылы кол койгон протокол боюнча суралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн