Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды

Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды

Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн А.Г.М. Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алматынын тургуну кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Андан соң эл аралык "Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн