Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду.
Биздин ишенимдүү булактар вице-премьер-министрлик кызматка “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып жатканын кабарлады. Ал эми анын ордуна аталган партиядан тизме боюнча Бердиев Аккулу Тагаевич мандат алары күтүлүүдө. Алай районунун тургуну Бердиев ишкерлик менен алектенери, анын Ошто күйүүчү май саткан жайлары бар экени белгилүү болду.
Пикирлер (1)