Бугу 07, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ак-Ордодо автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, бир адам жабыркады

Ак-Ордодо автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, бир адам жабыркады


Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты кздй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган "Хонда-Фит" унаасы сүзүп алган.

Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн