Бугу 05, 2025
Убакыт: 05:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ак-Сай менен чектеш жерде тажик тарап курулуш ишин токтотту

03.11.2021 13:53
1350
Ак-Сай менен чектеш жерде тажик тарап курулуш ишин токтотту

Баткен районунун Ак-Сай айылы менен чектеш Тажикстандын Кожо-Аъло айылындагы курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.


Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтотту.


30-октябрда Баткендеги аталган аймакка тажик жарандары тарабынан көпүрө үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган.


Аталган факты боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен "Көк-Таш" чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү болуп, курулуш иштери толугу менен токтотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн