Кулжа 17, 2025
Убакыт: 10:29
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Акылбек Жапаров: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз

22.01.2024 11:41
493
Акылбек Жапаров: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз


"Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгондугун айтты. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү.

"Мындай профицит – биздин тарыхыбызда эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз", - деп, Жапаров жакынкы 3 жылдын аралыгында “1 трлн” деген тарыхый көрсөткүчтү алышыбыз керек деп баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн