Кулжа 27, 2025
Убакыт: 12:38
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын сый тамакка чакырды

29.06.2023 14:13
544
Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын сый тамакка чакырды


Бүгүн, 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын жыйындын соңуна карата сый тамакка чакырды. Бул тууралуу парламенттен билдирди.


Маалым болгондой, бейформал жолугушуу той менен бүгүн саат 19.00дө «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында болот.


Эске салсак, бүгүн депутаттардын акыркы пленардык жыйыны өтүүдө. 1-июлдан тарта Жогорку Кеңеш каникулга чыгып, 1-сентябрдан тарта ишин улантат.


2022-жылы “Дасмия” ресторанында министрлер кабинетинин депутаттары менен мүчөлөрүнүн “чай ичүүсү” өткөн. 2021-жылы эс алууга чыгуунун урматына Жогорку Кеңештин депутаттары Rixos Hall залында чоң той өткөрүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн