Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акын, жазуучу Зинакан Пасанова: Таанышы же акчасы жок наам алса болооруна ынандым

04.04.2021 11:45
2890
Акын, жазуучу Зинакан Пасанова: Таанышы же акчасы жок наам алса болооруна ынандым


Президент Садыр Жапаровдун тапшыруусу менен мамлекеттик сыйлыкка – “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына ээ болгон мыктыларыбыздын бири Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу жана журналист Зинакан Пасанова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, мындай сыйлык ал үчүн күтүлбөгөн белек болгонун айтат.

Күтүлбөгөн чоң белек...

Чындыгында мындай сыйлыкты күткөн эмесмин. Былтыр бул тууралуу жарлык чыкканда мен үчүн өтө күтүүсүз жаңылык болгон. Себеби баары эле айтышат эмеспи, наамдарды тааныш-билиш же акча менен алышат деп. Ошол үчүнбү, мен эч качан мамлекеттик наамдар жөнүндө мурда ойлонгон эмесмин. Ал үчүн кайсы бир мекемелерге документтеримди тапшырып же башка аракеттерди көрүп чуркаган эмесмин. Улуттук жазуучулар союзу өздөрү президиумда бир топ талапкерлерди карап, комиссиянын талкуулоосунан кийин президиумдун чечими менен мени сунуш кылышты. Колдоо каты жергиликтүү бийлик органдарына – Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө келгенде алар дагы бул сунушту колдоп, документтеримди жөнөтүшкөн экен. Эч кандай тааныш-билиши жана акчасы жок эле эмгек бааланып, наам алса болооруна ынандым. Биринчиден, Улуттук жазуучулар союзу, андан кийин жергиликтүү бийлик органдары жана президенттин аппараты баа берип, ылайык көргөндөрүнө чындыгында абдан кубандым. Мисалы, акын, жазуучулар жана башка чыгармачылыктагы өнөр адамдары материалдык кайтарым албайбыз да, биз чыгарманы жараткандан кийин окурман окуп баа берип, моралдык колдоп койгону менен эле чектелебиз. Ошондуктан өкмөттүк, мамлекеттик сыйлыктар моралдык жактан гана колдоо болот деп билем. Кээ бири айтышат, сыйлыктын кереги жок деп. Мен ойлойм, татыктуу берилсе өтө керек, айрыкча акын, жазуучуларга, сүрөтчүлөргө эң зарыл нерсе. Булар социалдык жактан аз камсыз болгон, материалдык колдоого муктаж катмар.



Экс-президенттин жарлыгын азыркы президент жокко чыгарбас бекен деп бушайман болуп жүрдүк

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы август айында Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө жарлык чыгарды, бирок азыркы президентибиз аны жокко чыгарбай, берет болду бекен деп көпкө чейин бушайман болуп жүрдүк. Кечээ жакшы атмосферада салтанаттуу иш-чара менен тапшыруусу, жакшы сөздөрүн айтып мамлекет тарабынан көтөрмөлөө болгонуна баарыбыз кубанычта болдук. Биз үчүн чыгармачылыкка шыктандырган жакшы күндөрдүн бири болду. Иштесек бааланат турбайбы, мамлекет дагы көңүл бурат экен деп калдык. Айрыкча искусство, маданият ишмерлерин бөлүп, белгилеп айтканы ыраазычылыкка арзыды. Чыгармачылыкка демөөр, стимул алдык, мындан аркы дагы чоң жоопкерчиликти сезе баштайбыз деген ниеттемин. Бул дагы бийик бакыт экен.

Акын, жазуучулар материалдык пайда таба албайт

Кечээ искусство, маданият тармагындагы ишмерлердин бардыгы татыктуу алышты деп эсептейм. Биз тааныган актёрлор, ырчылар, артисттер алышты. Алардын баары элге белгилүү болуп калгандар. Арасында адабиятка эмгеги сиңип, активдүү иштеп келе жаткан ишмерлер болду. Акын, жазуучу катары айтаарым, биздин чыгармачылыктын артынан материалдык пайда таба албайсың. Бирок ага карабастан жазып, элге таанылып өз аракетибизди өзүбүз кылабыз. Мына ушундай шартта наамдардын ыйгарылуусу мээнеттин акталышы деп билем.

“Генералды эңсебеген жоокер жоокер эмес”.

Дагы да иштей берсек, ошого татыктуу чыгармаларды жазсак, талыкпаган эмгекти кыла берсек, артынан мээнетиң кайта берээрине ынандым. Кеп сыйлык алууга тырышуу эмес. Дагы да күжүрмөндүк кылып, ийгилик жарата берсек бул сыйлыктын артынан дагы “Эл акыны”, “Эл жазуучусу” наамдары буйруп калаары ажеп эмес. Буюрса менин чыгармачылык жолумдун эң маанилүү, башкы тепкичинде тура турган эмгектин үстүндө иштеп баштаган чагым. Дагы жарала турчу мыкты чыгармалар алдыда деп ойлойм.   


Сыйлыкты уулум экөөбүз ресторанда майладык

Наам алуу мага эле эмес, жакындарым, балдарым үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар болгон. Менин эки уулум бар, алар кичине чагынан китеп дүйнөсүнө аралашып чоңоюшкандыктан китептин кандай жазылып, кантип жарыкка чыгарын жакшы түшүнүшөт. Дем алыш күндөрү же майрам күндөрү эч нерсеге карабай көшөрүп жазгандарымды, кээде түнкүсүн уйкудан калып, калем кармап отурганымды көрүп жүрүшөт да. Ошондуктан алар менин эмгегимдин бааланып жатканына кубанды. Бир уулум Бишкекте студент. Борборго келгенимде сыйлыгымды майлап, жакшы ресторандардын биринде тамактанууга чакырды. Абдан сонун отурдук. Адамзатта кайгыны эле эмес кубанычты дагы тең бөлүшүп, куттук сөзүн айтып турган жакындарың болгону эң чоң бакыт экен. Эгерде кимдир бирөө менен бөлүшпөсөң, буюгуп ичиңде калып калгандай болот.


 Зинакан Пасанова прозалык жана поэтикалык бир катар китептердин автору: «Аял сыры», «Жамгыр тоодон башталат», «Кут түшкөн түндөр», «5 жыл», «Урушчаак каздар», «Академик Текенов», «Сыркеч жамгыр» жана башка. Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын ээси, адабий конкурстардын жеңүүчүсү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн