Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда дагы 10 адам ууланып ооруканага жаткырылды

05.03.2021 07:24
876
Аксыда дагы 10 адам ууланып ооруканага жаткырылды

Аксыда дагы 10 адам ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.


Маалым болгондой, аталган жарандарды медициналык кызматкерлер үйлөрүнө барып аныктаган.

Ошону менен 2-март күнү Кара-Жыгач айылындагы ашканада чогуу тамактанган адамдардын ичинен дагы 10 адам: беш аял, беш эркек 4-март күнү кечке жуук ооруканага жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, баарынын абалы туруктуу орто оор абалда.


2-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылынын жыйырмага чукул тургуну Кара-Жыгач айылындагы ашканада тамактанышып, бешбармак, салат жешкен. Мындан тышкары алар спиртке суу кошуп ичишкен.

Алардын 6сы кечээ каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн