Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен 12 жаштагы баланын денеси табылды

04.08.2020 10:07
897
Аксыда Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен 12 жаштагы баланын денеси табылды


Аксы районунда Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен 12 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Малыматка караганда, 21-июль күнү саат 17:00 чамасында 2008-жылы туулган эркек бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.


23-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 11 куткаруучу  тартылып, натыйжа болгон эмес. Баланын денеси 1-август күнү түштөн кийин табылган. Жеринде куткаруучулар жана милиция кызматкерлери иш алып барышкан. Каналдан табылган баланын денеси ошол эле күнү жерге берилген. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн