Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн районунда жерди мыйзамсыз сатып жиберген аткаминерлер аныкталды

29.01.2024 15:00
165
Аламүдүн районунда жерди мыйзамсыз сатып жиберген аткаминерлер аныкталды


ИИМдин КИББдин төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн комплекстүү ыкчам-изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык укук бузуу фактыларын аныктады.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Аламүдүн райондук кеңешинин эл депутаттарынын 16-майындагы токтому менен 1991-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан жалпы аянты 5,7 га болгон жер тилкесин спорт аянтчасы менен болгон эс алуу аймагы үчүн бөлүнүп берилген. Бирок чечим, ишке ашпай кагаз бетинде эле калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин мурдагы аткаруучусу жана башка кызмат адамдары сүйлөшүп алып, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, аталган жер тилкенин чоң бөлүгүн 4,3га жерди, жайыт жана көлмөнү мыйзамсыз сатып жеке адамдарда жиберишкен. 2006-жылдын ноябрында бул жер тилкеси 95 миң сомго бааланып сатылып кеткен.

ИИМдин КИББдин төртүнчү башкармалыгынын маалыматына ылайык мамлекетке олуттуу зыян келтирилген. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн