Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алматыда кыргыз-казак чек арасындагы абал талкууланды

16.02.2022 15:32
476
Алматыда кыргыз-казак чек арасындагы абал талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) иш сапары менен жүрөт, анын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады.


Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат.


Мындан тышкары Алматы шаарында үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн