Алтын 3261 долларга чейин кымбаттады.
Интерфакс маалымдагандай, Comex биржасында алтындын баасы 1%га өсүп, 3261 долларга жетти.
Саналуу күн мурда алтын болжол менен 3%га арзандаган. Буга АКШ көпчүлүк кытай товарларына бажы төлөмдөрүн 30%га чейин төмөндөтүүсү, ал эми Пекин америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн 10%га чейин азайтканы себеп болгон. Бул өзгөртүүлөр 14-майда күчүнө кирет жана 90 күнгө созулары айтылды.
Мындан тышкары, рыноктун катышуучулары Американын апрель айына карата инфляциясынын жыйынтыгын күтүүдө. Trading Economics аналитиктердин божомолуна таянып, АКШда керектөө бааларынын өсүшүнүн темпи өткөн айда марттагыдай эле 2,4% деңгээлинде калганын маалымдады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн