Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Мен жөн эле кыйкырбай, факты менен айтып берип атам”

01.11.2023 11:01
1032
Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Мен жөн эле кыйкырбай, факты менен айтып берип атам”


- Аманкан Батырбекович, кээ бир ЖМКлар сизди “министрлерге он мүнөт бою кыйкырды” деп жазып ийишти. Бул боюнча сиздин өзүңүздөн угалы дедик эле?


- Былтыр бюджетти карап жатканда биз Сокулук районундагы бүтпөй жаткан мектептер боюнча суранганбыз. Стадионубуз мына беш жыл болуп калды, талкалап коюп, кайра салынбай турат. Анан эл, жаштар менен жолукканы барганда менден сурап атышат да, “эмне үчүн бүтпөй жатат?” депчи. Өзүбүздүн коллегалар ушу жерден анча-мынча кыйкырып сүйлөп койсо министрлердин баары жүгүрүп барып, чечкенге аракет кылат. Менин айтайын дегеним, кыйкырганды биз деле билебиз. Бакыргандын эле жумушун кыла бересиңерби? Мен “биздин район эле жасалбай калды” деген ойдон алысмын. Болгону “мамлекеттин бюджетин реалдуу карагыла, кайсы район болбосун акча туура бөлүнсүн” деген маселени көтөрүп жатам. Бишкек шаары менен Чүй облусу, анын ичинде Сокулук, Аламүдүн райондору – ички миграциянын баары ушу жерде. Чүй облусунун калкы 800 миңден 1,5-2 миллион кишиге жетип калды. Эми ошого жараша инфраструктура да өзгөрүшү керек да. Беш миң бала окуган мектепти салбайт дагы, 500 орундуу мектепти башка регионго салып атат. “Ички миграция күчөп, элдин бир тобу көчүп келди, бул жакты карап койгула” деген эле маселе. Курулуш, транспорт, социалдык комитетин мен былтыр ээрчитип барып көрсөткөм, кыдырып чыкканбыз. Ал жерден министрликтердин өкүлдөрү да сөз беришкен, “бүтүрүп беребиз” дешип. Анан бир жылыш болбой жатса, мен кантип сүйлөшүм керек? “Эмоцияга алдырдым” деп айтайын, бирок менин дагы ичиме толду да. Күйгөнүмөн айтып аткан нерсем. Мен жөн эле кыйкырган жерим жок, факты менен айтып берип атам. 5 миллион берип, стадионду талкалап салган, аны барган сайын жаштар сурайт. Ата-энелер менен жолуксам, “5 миң бала кантип билим алат?” деп сурашат. Билим берүү министрине барсам, “мамкурулуш салбай жатат” дейт, же “акча бербей калды” деп минфинге шылташат. Минфин болсо “берип атабыз” дейт. Эми кимисине ишенебиз? Мурдагы күнү фракциянын чечиминен кийин траспорт министри менен жолугуп сүйлөштүк, жолдордун баарын көрсөтүп келдим. Өздөрү көзү менен көрүп, ишеништи. Кылбаганын моюндарына алышты. Мен “жаңы асфальт төшөп бергиле” деген жерим жок, жамак ремонтун бүтүргөн да маселе болуп атпайбы! Шайлоочулардын алдында мен да милдеттенме алгам да. Ошол элдин үнүн жеткирип атам. Бул кыйкыргандык эмес, реалдуу факт!


- Сиздин айтымыңызда, соцфонд балдар бакчасынын имаратына кирип алганбы?


- Мен беш жыл Сокулукта аким болуп иштедим. Крупская айыл өкмөтүндө мурда бала бакча бар болчу. Союз тарагандан кийин ал жерге соцфондду, социалдык коргоону, анан нотариусту киргизген экен. Биз сотко берип, ал имаратты кайра балдар бакчасына өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Соттун “бошотуп бергиле” деген чечими да бар. Бирок, бүгүнкү күндө нотариус, соцкоргоо чыкты, соцфонд болсо чыкпай отурат. Райондун борборунда 2 миңдей бала кезекте турат. Алардын да ата-энелери кайрылып жатышат. Ал жерде 20-30га жакын киши иштейт. Башка имаратты арендага алып, имарат  кайра бала бакчага айланса жакшы болмок да. Соцфондун акчасы бар. Бир гана маселе, архивди сактай турган имарат зарыл. Кечээ күнү соцфонддун райондогу начальниги менен жолуктум, “акча эми бөлүндү” дейт. Мурда эле чечип коё турган маселе болчу. Мен булардын шылтоолорун угуп отуруп, тойдум, кат жазып отуруп чарчадым. Бир папка катым бар. Бирдекени жазып коюп эле аткарбай жатышпайбы. Президенттин жарлыгы, өкмөттүн тапшырмалары, соттун чечимдери бар. Ошолорду аткарыш керек да. Аткарбай жатышса анан мен кантип айтышым керек? 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн