Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Америкада Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгынан каза болду

Америкада Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгынан каза болду


Америкада Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги жол кырсыгынын кесепетинен каза болушкан. Каза болгон кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталды. Алар 2003-жылы туулган Е.Т. жана 2022-жылы туулган Б.А. болгон. Учурда алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.

Учурда Кыргызстандын элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн