Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Анкарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу иш-чара өттү

30.08.2022 14:16
1408
Анкарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу иш-чара өттү

 Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркия, Германия жана Грекиядан келген студенттер, Түркиянын министрлик жана ведомство өкүлдөрү, илимий коомчулук жана коомдук ишмерлер катышты.


Анын алкагында улуу жазуучунун чыгармаларында камтылган үй-бүлө, аялдар, согуш жана балдар темалары талкууга алынды.


Анын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгы бир гана түрк дүйнөсү үчүн эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн руханий баалуулук экени баса белгиленди


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн