Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Анкарада куралчан ата жети жашар баласын барымтага алган

22.02.2024 12:56
1481
Анкарада куралчан ата жети жашар баласын барымтага алган


Түркиянын укук коргоо органдарынын Анкарада жасаган операциясынан 12 сааттан кийин куралчан ата тарабынан барымтага алынган жети жашар бала куткарылды, деп жазды Star гезити.


«Психологиялык жактан жабыркап, баңги затына көз каранды делген Х.В.(35 жашта) уулу М.Э.В.ны эки жума мурун ажырашып кеткен жубайы С.Ю.га бергиси келбей, тапанча менен барымтага алган. Х.В жашаган дарекке өрт өчүрүүчү жана тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн», - деп жазат басылма.


Кийин Х.В. 12 саатка созулган спецназды көндүрүү аракетине терс реакция кылып, баланы куткаруу операциясы уюштурулган.


«Атышуудан кийин Х.В. бутунан жаракат алып, зыянсыздандырылды, анын уулуна психологиялык жардам көрсөтүлүүдө», - деп кошумчалады басылма.


Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн