Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Арабдарды карайлатып туруп, Каабасын жаптырып койду

28.03.2020 13:09
956
Арабдарды карайлатып туруп, Каабасын жаптырып койду


Бул оору Жараткандын атайлап түзгөн программасы менен келгени бүгүн сокурга көрүнүп, дүлөйгө угулуп, акылсыздын мээсине кирди окшойт. Жаратканым адамзаттын жашоо нугун жаңы жолго салаарда эки жолду колдонот имиш: бири адамдардын өз аракети менен, экинчиси Жараткан өзү аркеттенип.

Адамдардын аракети менен болгондо көп учурда дүйнөлүк согуштар чыгып, революциялар болуп, адамзат ары толкуп, бери толкуп, сүрүшүп, аралашып, кырылышып барып жаңы жолго түшүп кетет. Буга кечээ эле болгонуна али жүз жыл өтө элек мезгилдеги дүйнө коммунисттик жана капиталисттик болуп бөлүнгөнүн айкын мисал катары келтирсек жетиштүү болот.

Бул жолу жараткан Кудайым улуу ыйык күчү адамзатты аяды көрүнөт. Дүйнөнү өзгөртүүнү өз колуна алды. Болбосо нечен жолу дүйнөлүк согуштар чыга турган болуп демитип барып токтогон кырдаалдар болду. Адамзат толкуп, чайпалып бир жагынан болбосо бир жагынан тосмо жырылганы калган. Жараткан улуу, ыйык күч бул оору менен адамзатты кааласа аз убакыт ичинде жөн эле кырып жок кылып коёрун, ал анчалык деле кыйын эмес экенин көрсөттү.


Адамдар, көзүңөрдү ачкыла!

Жараткандын астында баарыбыз бирдей экенбиз. Мен ядролук державамын!", "Мен экономикасы күчтүү өнүккөн мамлекетмин!", "Менин армиям эң күчтүү!", "Мен кайсыл гана мамлекетти болбосун талкалап салам!", "Сен кичинекей, мен чоң мамлекетмин! дей албайт экенбиз. Баарыбызды чоң-кичине, алдуу-алсыз дебей чыркыратып туруп бир көгөнгө тизип байлап койду. Көрсө Жараткан кудайымдын астында Дүйнөдөгү диндердин төрөсү бизбиз деген Ватикандын Папасы деле карапайым катардагы адам менен бирдей экен. Басса, турса Кудайы оозунан түшпөгөн ал да ооруга чалдыкты. Кудай биздин тилди гана түшүнөт. Биз кудайдын сүйгөн улутубуз деген арабдарың деле Чукотканын чукчалары менен бирдей экен. Карайлатып туруп, Каабасын жаптырып койду. Каролуң, премьер-министриң, президентиң менен бүгүн Кыргызстандын эски шейшеп жамынып, эски матрасында карантинде жатканың бирдей экен. Баарын камап койду. Отурушат баары камалып, көздөрүн жалдыратып, ойлогондору бир гана Жаратканым аяй көр. Аман айыксам экен! дешип жалбарышууда.

Ойлонолу адамзат, Жараткан улуу ыйык күч бизден - адамдардан бул ооруну жиберүү менен эмнени каалап жатат? Мына ушул чоң суроо. Эгер дагы дөөрүсөк, маселен Сен теңирчи, мен ислам, сен баптис, мен буддис” деп ич ара кыжылдашсак! Мамлекеттер бири-бирине кыр көрсөтүп, “мен чоң державамын, сен кичинекей күкүмсүң десе, Жараткан улуу ыйык күч аябайт окшойт. Акыл токтоткула. Адамдарга сыноо менен бирге эле акыркы мүмкүнчүлүктү да берип жатат. Эгер акылыбызга келбей адашсак, анда өз убалыбыз өзүбүздө калат.
Буга чейин да айткам, эми да кайталап айтам. Тээ оору жаңы башталганда эле жаздым эле. Бул оору тамаша эмес. Дүйнөлүк мамлекеттердин жетекчилери эсиңерге келип, чогуу биргелешип күрөшүүнү сүйлөшкүлө деп. Мени ким укмак эле, угушкан жок. Аны билсем да Жараткан улуу ыйык күч астындагы өз милдетимден кутулуп коёюн деп жаздым. Кайталап жазам: адамзат алтын доорго өтүүчү босогодо турат. Босого бул өтө оор өткөөл. Ал өткөөлдөн адамзаты өтүп кетсе эбегейсиз бейпил жыргал жашоо башталат. Эгер өтпөй калса кыйрап талкаланып жок болот. Бул оор сыноо. Эсибизге келели. Алтын доорго ким баштап кириши керек так ошону тааныйлы. Бардык амбицияны, бой көтөрмөйдү, динге бөлүнмөйдү, мамлекетке бөлүнмөйдү таштайлы! Баштай турган улутту “бул кичине улут, биз саны көп чоң улутпуздебейли. Барынын башына туруп алып өтүүчү адамды “бул ким болуп калыптыр” дебейли. Ушул жөнөкөй эле талапты аткарышса, адамдар алтын доорго өтөт. Жок, аткарбай кежирленсе, анда өз шору өзүндө калат. Бүгүнкү кыйынчылык бул тамаша. Адамзаттын таш талканын чыгарып талкалоочу кара булут тигил эле кырдын ары жагында турат.

Жараткан улуу ыйык күч жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. Баарын жөнөкөй жасайт. Жогорку жөнөкөй талапты адамзат аткарса жети жыл аралыгында адамзат алтын доорго өтүп кетет. Бүгүн кайсыл жолду тандоону Жаратканым адамзаттын өзүнө берди!

Оо жараткан ыйык күч адамдар акылына келип, талабыңды туура кабыл алып, туура жолду тандаса экен! Оомийин!

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн