Кулжа 17, 2025
Убакыт: 01:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Араванда жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекетке кайтарылды

30.05.2025 11:35
338
Араванда жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекетке кайтарылды


Ош облусунун Араван районунун Араван айылынын Ленин көчөсү 10 дарегинде жайгашкан, аянты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды.


Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтомун бузуу менен (Социалдык инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт) сатып алуу-сатуу келишими мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталып, ага ылайык тиричилик үйү жеке колго сатылып кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн