Теке 18, 2025
Убакыт: 20:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу же чегерүү үчүн онлайн сервис ишке кирди

Ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу же чегерүү үчүн онлайн сервис ишке кирди


Салык кызматы ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу же чегерүү үчүн онлайн сервисти ишке киргизди.


Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр салык органдарына барууга убакыт коротпостон, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча ашыкча төлөмдү тез арада кайтарып же чегере алышат.


Көптөгөн жарандар жаңылыштык менен каражаттарды туура эмес реквизиттерге которуп, салыкты, камсыздандыруу төгүмдөрүн же салыктык эмес төлөмдөрдү ашыкча төлөп койгон учурларга туш болушат. Мурда мындай маселелерди чечүү үчүн салык органына жеке кайрылып, документтерди жеринде толтуруу керек болчу. Бүгүнкү күндө каражаттарды чегерүү же кайтаруу жөнүндө арызды “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу онлайн тапшырууга болот.


Онлайн-сервис ашыкча же жаңылыш төлөнгөн каражаттарды эсептешүү эсебине кайтарууга же ашыкча төлөмдү башка салыктарга чегерүүгө мүмкүндүк берет.


Бул үчүн Жеке кабинетте электрондук арызды толтуруу жетиштүү. Бул оңой эле жол менен жасалат. Айрым талааларды система автоматтык түрдө толтурат, ал эми колдонуучу тастыктоочу маалыматтарын киргизүүсү керек.


Каражаттарды башка салыктардын эсебине чегерүү 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт, эсептешүү эсебине кайтаруу – бир айдын ичинде. Эгерде жаңылыш төлөм кайрадан багытталса, акча 5 күндүн ичинде келип түшөт.


Жаңы онлайн-сервис – бул салыктык башкарууну санариптештирүүгө жана жарандар менен бизнестин бюрократиялык жүгүн азайтууга карай кадам. Арызды кантип толтуруу керектиги жөнүндө видео нускамалар “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин социалдык баракчаларында жана Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жайгаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн