Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Астанада Манастын айкелин орнотууга 25 млн сомдук тендер жарыяланды

27.07.2023 11:19
1258
Астанада Манастын айкелин орнотууга 25 млн сомдук тендер жарыяланды


Казакстандын борбору Астанада Манастын айкелин орнотуу үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.


Айкелдин тендердик баасы 25 миллион сом деп, 30-августка чейин ишти толук бүткөрүү талабы коюлган. Орнотууга кызыкдар тараптар 31-июлга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине табыштама бериши шарт.


Долбоордо айкөл Манастын ат минип турган образы чагылдырылып, артына эки кабылан коюлары жазылган. Айкелдин бийиктиги 5,5 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт. Ал эми кабыландын бийиктиги 170 сантиметр, туурасы 70 сантиметр деп көрсөтүлгөн.


Белгилей кетсек, Маданият министрлиги мындан эки жыл мурда аталган эстеликти жасоого сынак жарыялаган болчу. Анда Манастын айкели Астана шаарынын Жубанов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн