Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тендерлерге мыйзамсыз катышып, жалпы 14 млн сомго жакын утуп алган

28.03.2024 13:49
656
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тендерлерге мыйзамсыз катышып, жалпы 14 млн сомго жакын утуп алган


Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында "Мухали инвест" ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 млн сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган.

Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, КР УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 25-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 90 миң сом жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн