Теке 27, 2025
Убакыт: 19:36
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Автобустарда жана троллейбустарда кимдер бекер жүрө алышат?

17.01.2024 10:29
394
Автобустарда жана троллейбустарда кимдер бекер жүрө алышат?


Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, өз кезегинде, тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

- пенсионерлер;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- 7 жашка чейинки балдар;
- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн маршруткаларда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00гө чейин кыскартылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн