Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айбар Султангазиев: "Бир эле сасык тумоо эмес, ковид, чочко тумоосу дагы жүрүп жатат"

15.12.2022 18:13
6806
Айбар Султангазиев: "Бир эле сасык тумоо эмес, ковид, чочко тумоосу дагы жүрүп жатат"


- Азыркы учурда сасык тумоо өтө курчуп кетти. Чочко тумоосу экени да айтылууда. Айрыкча жаш балдар көп оорушууда. Бул сасык тумоо тууралуу кандай ойдосуз?


- Эки-үч жылдай ковиддин азабын тартып жүрүп, башка ооруларга мүмкүнчүлүк берилген жок. Ошол себептүү биздин иммунитет жок болуп калды. Мындан улам баарыбыз катуу ооруп жатабыз. Экинчиден, вирус күчтөнүп, агрессивдүү болуп, элди катуу каптады. Бир эле сасык тумоо эмес, ковид, чочко тумоосу дагы эл арасында жүрүп жатат. Негизи ковидден кийин иммунитетибиз өтө төмөндөп, ооруну көтөрө албай жатабыз. Азыр мектептерге, бала бакчаларга карантин киргизсе туура болмок. Баарыбыз ооруйбуз, бирок жайыраак жайылышы керек. Учурда ооруканалардын баары толуп калды. Айрыкча балдар, кош бойлуу келиндер оор көтөрүп жатышат.


- Кытайда мурдагыдай эле ковид жайылып, карантин жарыяланып жатат. Бизге коркунучу жокпу?


- Негизи дартты коё берген эле туура экен. Кытай туура эмес жолду тандап жатат. Балким булар бир жашыруун сырды билишеби? Балким дарттын артында коркунучтар барбы (?) деген ой келбей койбойт. Сасык тумоо курч. Эл көп жерлерге баруудан алыс болуңуз Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. Сасык тумоо жана КРВИ вирустары адамдын респиратордук ооруларын ар кандай оордукта жаратат. Оорунун белгилери кадимки (сезондук) сасык тумоого окшош. Оорунун оордугу бир катар факторлорго, анын ичинде организмдин жалпы абалына жана жашына жараша болот. Ооруга чалдыккандар: улгайган адамдар, жаш балдар, өнөкөт оорусу барлар (астма, диабет, жүрөк кан тамыр оорулары жана башкалар) жана иммунитети начар адамдар. Азыркы учурда КРВИ инфекциясын көзөмөлдөө кыйын бойдон калууда. Анын себеби, вирустардын жогорку жугуштуулугу жана түрлөрүнүн өзгөрмөлүүлүгү. Эпидемиялык мезгилде жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:

- колду самындап жууп туруңуз. Эгер колуңузду самындап жууганга мүмкүн болбосо, дезинфекциялоочу майлыктарды колдонуңуз;

- столдорду, отургучтарды, эшиктин туткаларын ж.б. үй жуучу каражаттар менен тазалаңыз жана дезинфекциялаңыз;

- дем алуу этикетин сактаңыз (чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозуңузду жана мурдуңузду бетаарчы менен жабыңыз, мурдуңузга, оозуңузга жана көзүңүзгө тийбеңиз ж.б.;

- эл көп жерлерге баруудан жана саякаттоодон алыс болуңуз. КРВИнин белгилери бар адамдар менен 1 метрден аз аралыкта байланышуудан алыс болуңуз;

- сергек жашоо образын карманыңыз (жетиштүү уйку жана тамактануу, оптималдуу физикалык активдүүлүк). Сасык тумоо жана курч респиратордук оору менен ооруган учурда төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткаруу өтө маанилүү:

- зарыл болсо дарыгерге кайрылып, анын баардык сунуштарын так аткарыңыз;

- мүмкүн болушунча үй жаныбарлары менен, айрыкча балдар менен байланышты чектөө, аларга жуктурбоо үчүн;

- бөлмөнү желдетип туруңуз;

- баардык дары-дармектер дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана колдонулат. Урматтуу ата-энелер! Оорунун алгачкы белгилери байкалганда дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия – тез жана туруктуу айыгуунун ачкычы. Курч респиратордук инфекциянын белгилери бар балдар үйдө калып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектептерге барбашы керек. Гриппке каршы күрөшүүнүн бирден-бир далилдүү ыкмасы – бул вакцина профилактикасы.


Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн