Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек”

25.12.2023 09:16
1116
Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек”


- Айбек мырза, бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды. Улуттук туубуздун өзгөрүшү бюджетке, карапайым жарандардын чөнтөгүнө материалдык жактан канчалык чыгым алып келиши мүмкүн?


- Менин билишимче, бир эле учурда баары өзгөрбөйт. Өкмөттөгү, биздин Жогорку Кеңештеги, аянтта илинген тууларыбыз өзгөрөт. Аларга кандайдыр бир акча каражаты кетет. Канча кетерин мен билбейм, аны экономисттер эсептеп чыгарат да. Ал эми паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек. Бирок, келечекте өзгөрөт. Себеби, машина алынып, сатылып тура турган нерсе. Паспорт деле сөзсүз беш жылда алмашпайт да. Кээ бирөөлөр жоготуп ийсе, дагы бирөөлөр сууга агызып ийет. Ошондой учурларда жаңы паспорттор бериле берет. 


- Эң башкысы, чет жактарга чыккан биздин жарандарга ыңгайсыздык жаралбайбы?


- Биздин баардык мамлекеттер менен мамилебиз бар. Бүгүн туу өзгөрүп, президетибиз кол койдубу, биз мамиледе болгон өлкөлөрдүн баарына билдирүүлөр кетет. Билдирүү кеткенден кийин көйгөй жаралбайт. Себеби, чек ара өткөөлдөрүнүн баарында биздин жөнөткөн кагазыбыз турат да... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн