Баш оона 05, 2025
Убакыт: 00:57
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Айыл чарба министри быйылкы жыл да айыл чарба үчүн оор боло турганын билдирди

20.01.2022 10:47
1304
Айыл чарба министри быйылкы жыл да айыл чарба үчүн оор боло турганын билдирди

Айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жыл да айыл чарба тармагы үчүн оор боло турганын билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда ирригациялык системаларды калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.


"2021-жыл бизге чоң сабак болду. Кайсы жерди оңдош керек, кайсы жерде маселе бар баарын көрсөттү.

Быйыл дагы кургакчылык болсо, айыл чарбага оор зыян келет. Анын алдын алуу максатында 1 миллиард сом бөлүндү. Биз бардык ирригациялык системаларды калыбына келтирип, каналдарды бүтөп, түтүктөрдү орнотсок сууну көп жоготпойбуз. Азыркы учурда мына ошол маселелер боюнча иш жүрүп жатат",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн