Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айылчы Сарыбаев: Күйүүчү майга болгон бааны эч ким токтото албайт

02.03.2021 11:06
631
Айылчы Сарыбаев: Күйүүчү майга болгон бааны эч ким токтото албайт


Кыргызстанда күйүүчү майга болгон бааны күчкө салып эч ким токтото албайт, себеби бул жеке менчик болуп саналат. Мындай пикирди экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, кайсы гана рыноктук демократиялык өлкө болбосун экономиканы, рыноктук бааларды башкаруу жана ооздуктоо үчүн финансы, кредит жана салык механизмдерин колдонот. Ал эми Кыргызстанда бул механизм колдонулбайт.


"Баары тең эле “бааны токтот” деп кыйкыра беришет, бирок эч ким күчкө салып токтото албайт. Себеби бензин жеке менчик”, - дейт ал.


Анын пикиринде, Кыргызстанда жеке менчикке болгон бааларды тейлөө саясаты мыйзамдаштырылган коррупцияга айланган. Ар бир күйүүчү майдын литрине көтөрүлгөн баа бийликте болуп, аларды калкалап турган адамдардын чөнтөгүнө куюлуп жаткан акча.


“Ошондуктан коррупцияга шарт түзгөн мыйзамдардын бардыгын жокко чыгарыш керек”, - деп кошумчалайт Сарыбаев.


Белгилей кетсек, өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулаганын Кыргызстан мунай ташуучулар бирлиги кечээ, 1-мартта билдиришкен болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн