Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Азамат Абсаттаров: “Молдо Нияздын тарыхый үңкүр-мектеби кооз жайга айланат”

13.10.2023 16:20
1587
Азамат Абсаттаров: “Молдо Нияздын тарыхый үңкүр-мектеби кооз жайга айланат”


“Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун өкүлү Азамат Абсаттаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына Молдо Нияздын үңкүр-мектеби оңдолуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, туристтерди тарткан Баткендеги тарыхий жайлардын бири болот.

“Кадамжайдын Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияздын үңкүр-мектеби ушундай кооз жайга айланат. Бүгүнкү күндө үңкүрдүн айланасын оңдоо, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Долбоордо бардык шарттар каралган. 19-кылымда балдарды билимге, адепке тарбиялаган Молдо Нияздын тарыхый мектеп-үңкүрүн көрүп келсеңиздер болот.

Туристтерди тарткан маданият, адабият, тарыхты камтыган Баткен облусундагы дагы бир кызыктуу жай болот. Аз калды…” – деп жазды Абсаттаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн