Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

“Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат

24.01.2023 08:24
6698
“Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат

“Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат. 


Бүгүн Маданият министрлигинин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын угуп, өткөндөн сабак албаган акылсыз аракетке абдан таң калдым. Жабалы, тыйалы, соттойлу, блоктойлу, камайлы деген саясаттын арты кандай болоорун улам көрүп келатабыз. Ушундай терс аракеттерди токтотуп, жаратман иштерге убакыт коротуш керек. Маданият министрлиги жакынкы тарыхты унутуп, ак менен караны ажырата албай, башка иштин баарын кыйратып койгонсуп “Азаттыкты” жабуу менен алек болуп жатканы өтө кейиштүү көрүнүш.


 1) Шылтоосу мындай. Баткен окуясында орус тилдүү “Настоящее время” көрсөтүүсү туура эмес маалымат чыгарган деп алгач “Азаттыктын” сайтын жаап, анан эсебин жаап, эми болсо ушул учурду пайдаланып таптакыр ишмердигин токтотолу деп киришишкен окшойт. Адилеттүүлүк үчүн айтканда, Баткендеги каргашада “Азаттыктын” кабарчылары күн-түн дебей ошол жерде иштеп, биринчилерден болуп эл аралык медиаларга да маалымат чыгарып, элибиздин ыйын, окуянын масштабын дүйнө коомчулугуна ыкчам көрсөтүп жатты, ошол видеолорду жүз миңдеген адамдар көрдү. Ошого алкыш айтыштын ордуна, эптеп бир ката таап, министрлик жабабыз деп сотко даттанып жатканы чоң ката жана өтө уят иш.


 2) Кабатыр болгонум, кайсы бийлик келбесин мактоо, арноо айткан ММКлар гана жашашы керек деп, эркин, элдин үнүн чагылдырып турган медиаларга бут тоскон кошоматчылар азайбайт окшойт. “Азаттыкты” жаап, соттошуп абийир тапкан бийликти мен көрө элекмин. Жетекчилер таза болсо, кыңыр иштерге аралашпаса, элден эч нерсе жашыргысы келбесе, ачык-айкын иштейм десе эмне үчүн эркин медиадан коркушат? Иштей берсин, тоскоолдук кылбагыла деш керек да. Олуттуу, салмактуу, коомдогу терс көрүнүштөрдү, фактыларды “Азаттыктын”, андан башка 2-3 эле көз карандысыз медианын журналисттери иликтеп жатышат. Бюджеттен байыгандар, уурулар, кылмышкерлер – мындай иликтөөлөргө албетте каршы болушат.


3) “Азаттык медиа” мекемеси тууралуу сөз болсо, “туура, жабыш керек, булар бизге жакшылык” кылбайт деп шек санап жазгандар да бар экен. “Азаттыктын” кыргыз эли жакшылыгын эле көрбөсө, кымындай жамандыгын көрө элек. Ак ниет, адилет, өнүккөн коом болсок экен деген тилектеги эле журналисттер иштеген, иштеп келатышат. Кыргыз элинин чыгаандары Салижан Жигитов, Азамат Алтай, Шайлообек Дүйшеев, Султан Раев, Уланбек Эгизбаев, Султан Жумагулов өңдүү инсандар Сиз экөөбүзгө караганда элдин турмушуна көбүрөөк күйүп, акыйкат коомду курсак дегенде ак эткенден так этип келгенине бөркүмдөй ишенем.


Азыркы бийликке коомдогу окуяларды ачык айткан жарандар же көз карандысыз журналисттер коркунучтуу эмес, фактыларды бурмалап, коррупционерлерге ыктап, сот аркылуу баарын тыйып салалы деген кошоматчылар коркунучтуу.


Жанар Акаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн