Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды

25.04.2024 09:29
518
Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды


Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы.

Салтанатттуу иш-чара Гейдар Алиев атындагы Маданий борборунун чоң залында өтүп, ага кыргыз искусствосунун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Чоң концерттик программа өзгөчө форматта өттү. Ага:

  • Улуттук “Манас” театрынын төкмө–акындары,
  • Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын,
  • Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери,
  • Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык- симфониялык оркестри,
  • Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли,
  • Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү,
  • “Мурас” фольклордук- этнографиялык ансамбли катышты.

Иш-чарага эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана Адиль Габиль оглу Каримли, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов баштаган Кыргызстандын интеллигенция өкүлдөрү, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган мекендештер катышты.

Ачылыш аземде Алтынбек Максутов Кыргызстан менен Азербайжан элинин маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна өлкө башчыларынын расмий сапарында жетишилген макулдашуулар экендиги баса белгидеди.

Ошондой эле ал кыргыз-азербайжан элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, бул сыяктуу биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий байлыгын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңирээк сезе алабыз деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн