Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азия чемпиону, балбан Муслим Евлоев Ингушетияда өлтүрүлдү

07.08.2020 15:39
998
Азия чемпиону, балбан Муслим Евлоев Ингушетияда өлтүрүлдү


Ингушетия Республикасында террористтик операция учурунда эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Lenta.ru» басылмасы жазды. 


Маалыматка караганда, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аталган аймактагы үйлөрдүн биринде жашыруун топтун мүчөсү жашынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат алган.


"Назрань шаарында атайын кызматтын кызматкерлери үйдү курчоого алып, ичинде бекинип алган жашыруун топтун мүчөлөрүнө колго түшүп берүүнү сунушташкан. Алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ок чыгарышкан. Жыйынтыгында бири атып өлтүрүлүп, экинчи өзүн-өзү жардырса, үчүнчүсү  колго түшүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта. 


Кийинчерээк, өлтүрүлгөн жаран 25 жаштагы Муслим Евлоев экендиги аныкталган. 


Ал 2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын атынан мелдештерге катышып жүргөн. Ал Бакудагы оюндарда жана «Яшар Догу» эл аралык турниринде жеңүүчү болуп, 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында коло, 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль уткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн