Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БМЖККК: Үч жылда баңги кирешелерди адалдоо боюнча 8 факты аныкталып бөгөт коюлду

24.01.2024 13:26
185
БМЖККК: Үч жылда баңги кирешелерди адалдоо боюнча 8 факты аныкталып бөгөт коюлду


Үч жылда баңгикирешелерди адалдоо боюнча 8 факты аныкталып бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн натыйжасында 20 млн 605 миң 466 сомду (баңги лабораториясы катары жабдылган 2 турак жай) легалдаштыруу (адалдоо) боюнча 8 факты аныкталды, андан тышкары 3млн 160 миң 800 акча каражатына 4 автоунаа.


Баңги заттарды контрабандага жана ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды транзитине бөгөт коюу максатында ИИМдин БМЖККК тарабынан үч жыл ичинде баңгизаттарды «көзөмөлдөп жеткирүү» ыкмасы менен 27 ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 301 кг 874 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттар алынган. Алардын ичинен: героин - 74кг 808гр., апийим - 8кг 913гр., гашиш - 172кг 480г., марихуана - 2кг 624г., психотроптук заттар - 42кг 518гр., гашиш майы - 531гр.


Акыркы  үч жылдын ичинде республиканын аймагында калкты 900 миңге жакын адамды камтыган 735 түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.


Студенттердин жана мектеп окуучуларынын арасында баңги каражаттарынын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү  жана бош убакытты туура пайдалануу боюнча жалпы 523 лекциялар окулду. Дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча  212 спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.  


Ата-энелер, мугалимдер жана жаштар арасында Баңгизатка каршы маалымат берүүчү материалдарын жайылтуу менен кеңири масштабдуу акциялар уюштурулган: Мугалимдер үчүн эскертме "Жаңы психо-активдүү заттар" 10 миң нуска, ата-энелер үчүн "Өспүрүмдөр арасында баңгиликти жана таксоманиянын алдын алуу" 10 миң нуска, мектеп окуучулары жана жаштар үчүн "Биз-дени сак Кыргызстан үчүн" буклет 10 миң нуска, "Унчукпай, кайда баңгизатын соода кылышаарын айт" аттуу  баракчалары 10 миң нускада даярдалып таратылган. 


Мындан тышкары, мамлекеттик тапшырмаларды аткаруу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, КРнын ИИМдин БЖМККК тарабынан 6 укуктук актылар иштелип чыккан. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин төрагалыгы астында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин отурумдары өткөрүлүп турат. Үч жыл ичинде 3 отурум уюштурулуп, анын жүрүшүндө баңгизатка каршы программасынын  аткарылышы жана аны андан ары ишке ашыруу жөнүндө мамлекеттик органдардын аткарган иштери каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн