Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

БШК Шайлообек Атазовго мандат тапшырды

06.04.2022 13:46
7737
БШК Шайлообек Атазовго мандат тапшырды

Бүгүн, 6-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округунда кайра өткөн шайлоонун жеңүүчүсү катары Шайлообек Атазовго мандат тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, БШК Атазовду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырган.


Эске салсак, 27-февралда Свердлов шайлоо округунда кайра өткөн шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев жеңишке жеткен. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилген. Мындан улам мандат экинчи орунду алган Атазовго берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн