Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

БШК Свердлов шайлоо округунан эң көп добуш алган Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

09.03.2022 21:40
8340
БШК Свердлов шайлоо округунан эң көп добуш алган Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында №29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун карады.


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул маселе талапкер Шайлообек Атазовдун өкүлү Жапаровдун арызынын негизинде каралган.


Мыйзам боюнча укук коргоо органдары тарабынан талапкердин добуш сатып алууларга тиешеси бар экени далилденсе, каттоосу жокко чыгарылат.


Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Андан соң БШК мүчөлөрү Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу чечимин бир добуштан колдоп беришти.


Буга чейин талапкер Шайлообек Атазов атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап келген.


№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28%, Аскар Алмаз уулу 12% добуш алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн