Бугу 02, 2025
Убакыт: 05:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

БШК кайсы 7 талапкерге 1 миллион күрөөсүн кайтарат?

21.01.2021 09:46
699
БШК кайсы 7 талапкерге 1 миллион күрөөсүн кайтарат?


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке аттанган 7 талапкерге 1 миллион сомдук күрөө акчасын кайтарып берет. Бул тууралуу БШК жыйынында айтылды.


Маалыматка ылайык, жалпы шайлоочулардын жок дегенде 1%ынын добушуна ээ болгон талапкерлерге күрөө каражы  кайтарылат. 10-январда өткөн президенттик шайлоодо бул баскычты 7 талапкер басып өткөн.


Добуштардын 79,2 пайызын алган Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров - 6,79 пайыз, Бабыржан Төлбаев - 2,36 пайыз, Арстанбек Мыктыбек - 1,69 пайыз, Абдил Сегизбаев - 1,46 пайыз, Имамидин Ташов - 1,7 пайыз жана Клара Сооронкулова - 1 пайыз 1 миллион сомду кайтарып алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн