Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

БШК: "Ош шаардык кеңешине 710 талапкер катталды"

14.03.2020 14:25
887
БШК: "Ош шаардык кеңешине 710 талапкер катталды"


Ош шаардык кеңешине 710 талапкер, 9 партиядан көрсөтүлдү. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарында партиялардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. 


"Ош шаардык кеңешине баш аягы 9 партия катталып, алар 710 талапкерди көрсөттү. Мындан сырткары 50 талапкер катталган жок. Алардын арасынан 25 талапкердин жогорку билими жок, 21 талапкер шаарда жашабаганы белгилүү болду. 4 талапкер туура эмес маалымат бергени үчүн катталган эмес", - деди БШКнын төрайымы. 


Белгилей кетсек, ушул жылдын 12-апрелинде Ош шаардык кенешине шайлоо өтүп, анда 9 партия ат салышат. Үгүт өнөктүгү кечээ, 13-мартта башталды. Ал 11-апрель күнү аяктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн