Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БШКга депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү

14.08.2023 16:52
844
БШКга депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү


Борбордук шайлоо комиссиясына Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү.

Башка талапкер Лейла Саралаева арыздын анын өкүлү жазганын 14-августта Фейсбуктагы баракчасына билдирди. Ал Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жазып, сүрөтүн да жарыялаган.

Саралаева талапкерлердин бюллетендеги номурлары али тактала элек экенин, ал “Бакир уулу 29-катарды кантип тандап алганына түшүнбөй жатканын” жазган.

БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева бул суроо жумушчу топко келип түшкөнүн ырастады.

Турсунбай Бакир уулу бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн