Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БУУ Газадагы согушту токтотуп, туткундарды эч кандай шарт-талапсыз бошотуу боюнча резолюция кабыл алды

13.12.2023 13:55
1924
БУУ Газадагы согушту токтотуп, туткундарды эч кандай шарт-талапсыз бошотуу боюнча резолюция кабыл алды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Израиль менен ХАМАСтын Газадагы согуш отун токтоосуз өчүрүүсү жана туткундарды эч кандай шарт-талапсыз бошотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.


Документке 153 мамлекет кол койгон. АКШ, Израиль, Австрия жана Чехияны кошкондо 10 мамлекет каршы чыккан. Украина, Улуу Британия, Германия, Италия, Аргентина жана Грузия калыс деген позицияны карманган. Башкы Ассамблея АКШнын ХАМАСтын чабуулдарын айыптаган пунктуну киргизүү сунушуна каршы добуш берген.


Газа секторундагы Палестинанын жай жарандарынын оор абалына тиешелүү резолюцияны Египет (БУУдагы Араб тобуна төрагалык кылат) жана Мавритания (Ислам кызматташтык уюму тобунун төрагасы) даярдаган.


Авторлор документтин гуманитардык багытта экендигин жана аны саясатташтырууну каалабай тургандыгын белгилешкен.


БУУнун Башкы Ассамблеясынын документинде "согушту тез арада гуманитардык жактан токтотууну талап кылат" деп айтылган. Андан сырткары, "бардык туткундарды токтоосуз бошотуу жана гуманитардык жеткиликтүүлүктү камсыздоо" талабы коюлган.


Текстте бардык тараптарга гуманитардык эл аралык укук боюнча милдеттенмелерди, тагыраагы, жай тургундарды коргоо милдетин сактоо боюнча да айтылган.


Жума күнү ушундай эле резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинде тоскоолдук кылышкан. Аталган кеңештин 13 мүчөсү резолюциянын кабыл алынышын колдоп, Улуу Британия калыс пикирин билдирген.


БУУнун Коопсуздук кеңешинен айырмаланып, Башкы Ассамблеянын милдеттенме кылып такканга юридикалык күчү жок.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.

Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 18 миң кишиге жеткени, 46 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.

Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн