Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бакыт Төрөбаев Пакистандан келген ишкерлер менен жолугушту

17.03.2023 15:32
240
Бакыт Төрөбаев Пакистандан келген ишкерлер менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пакистан Ислам Республикасынан келген ишкерлер менен жолукту.  


Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар болгон пакистандык бизнес өкүлдөрүнүн иш сапары эки өлкөнүн экономикасынын өз ара өнүгүүсүнө чоң үмүт берээрин билдирди.  

 

Жолугушууда тараптар негизинен фармацевтика, жеңил өнөр жай, энергетика, билим берүү, инвестициялык, технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.  

 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү 11 млн 961 миң АКШ долларын түзгөн. Эки тараптуу соода жүгүртүү тармагын мындан ары дагы жакшыртуу максатында Кыргызстандын Пакистандагы Лахор шаарында жайгашкан соода үйүндө кыргыз продукцияларынын арбын болушуна баардык аракеттер жумшалат.  

 

Өз кезегинде Пакистан делегациясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасын ишенимдүү бизнес өнөктөш катары караарын, активдүү кызматташууга жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн