Бүгүн Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен "Чек-2025" командалык-штабдык машыгуусунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев жана башка расмий адамдар катышты.
Машыгууга Россия, Казакстан жана Тажикстандан аскер кызматкерлери келишти.
Салтанаттуу ачылыш машыгууларга катышкан бардык бөлүктөрдүн жүрүшү менен аяктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн