Бугу 02, 2025
Убакыт: 16:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Бардык мектептерде аскерге чейинки даярдык сабагын киргизүү пландаштырылууда

27.10.2022 13:44
1224
Бардык мектептерде аскерге чейинки даярдык сабагын киргизүү пландаштырылууда

Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык сабактары киргизилет. Бул туурасында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев парламентте билдирди.


Анын айтымында, учурда аскерге чейинки даярдоо сабактары кээ бир мектептерде гана бар.


"Бул боюнча биз өкмөт тараптан тапшырма алганбыз. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бул жумуштарды иштеп чыгып, сунуштар берилди. Учурда айрым мектептерде гана окутулат, азыр баарына киргизүү процесси жүрүп жатат. Жакын арада мектептердин баарында аскерге чейинки даярдык сабагы өткөрүлүп калат", — деди Тердикбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн