Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Өмүрбек Текебаев Болот Темировдун кармалышы тууралуу

23.01.2022 09:40
1536
Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Өмүрбек Текебаев Болот Темировдун кармалышы тууралуу

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, журналисттердин оозун жабуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.


Саясий ишмер ошондой эле өз башынан өткөн «матрешка-гейт» окуясын да эске салды:


«Бир кезде, 2006-жылы мага да атайылап маңзат салып кетишкен. Ал иш «матрешка-гейт» деген ат менен белгилүү. Мага оңдой берди болуп аэропорттогу камераларга кантип менин чемоданыма салып жатышканы түшүп калган. Ошол кезде эркин Жогорку Кеңеш баарын ачык көрсөткөн. Андан тышкары Польша соту муну "жасалма жана оппозициячыл саясатчыны куугунтуктоо" деп тапкан. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров анда депутаттар эле, ал окуяны жакшы билишет» - деген Текебаев бийликти эскилердин каталарын кайталабоого чакырды.


Булак: "Азаттык" үналгысы 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бактыгул Осмонкулова
Бийликтин шиши толуп калды,баарын подряд камап,элдин ойу,пикири,коз карашы менен бир эсептешкен жок.Журналистти камап,Акынды нашакор кылганына тук ишенбейм.Жийиркеничтуу иштерди кылып атышат.Сиз туура айтасыз.